Жумакайрык: жекшемби, 16.07.2017 HD

16.07.2017
1. Качандыр бир кезде азыр Кыргызстандын энергетикалык жүрөгү болуп турган Токтогул ГЭСи курула баштаганда ал бүтпөчүдөй көрүнгөн дешет бул тармакты илгертен билгендер. Кылым курулушу аталган долбоорду ишке ашыруу чынында эле опол тоодой жумуш көрүнсө керек, анткени 1200 мегаватт кубаттуулугу бар гидро электростанцияны куруу ал кезде оңой эмес жумуш болгон. 2. Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөрүнө туура үч ай калды. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен эрежеге ылайык, учурда талапкерлерди жылдыруу жараяны жүрүп жатат. Ал 1-августка чейин уланат. Айтмакчы жылдырылган талапкерлердин саны бүгүнкү күнгө карата 28ге жетти. 3. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү- биздин өлкө үчүн 200 млн калкы бар базарга мүмкүнчүлүк ачып берди. Бул өз кезегинде дыйкандардын өндүргөн продукцияларын тышка сатууга чоң өбөлгө болууда. Буга чейин экспорттун санына басым жасалып келсе, учурда фермерлер товардын сапатына дыкат көңүл бурууга өтүштү.

Похожие видео

Показать еще