ТАШИЕВДИН УУЛУ ИТАЛИЯ ФУТБОЛ АКДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТУЗДУ/ КОК-БОРУ ОЮНУ БОЮНЧА ЫЗЫ-ЧУУ

01.03.2019
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу Италиянын Футбол академиясы менен келишим түздү. Кубанычтуу кабарды экс-депутаттын кызы Мээримай Ташиева социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн. Ал иниси Эмирханды куттуктап, Италиянын Паоло Росси академиясына узатып жатышканын жазган. Иниси Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Италиянын Футбол академиясы менен келишим түзгөнүн кошумчалаган. Мээримай бир тууганын узатып жатканда апасы экөө ыйлаганын да жашырган эмес. Эмирхан 1 жыл Оштогу Асылбек Момунов атындагы Футбол академиясында машыктыруучу Немат Кошоковдун кол алдында тарбияланган. 2. Көк-Бөрү федерациясынын мурунку башчылары аталган спорттун түрү боюнча дүйнөлүк ассоциациясынын отурумунда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп кала алышкан жок. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев билдирди. Ал улуттук федерациянын мурунку жетекчисин ордунан түшүрүүгө тийиштиги бар экендигин четке какты. Ошондой эле, өлкө кызыкчылыгын сатып кетти деп өз дарегине карата айтылган айыптоолорду туура эмес дейт. Мындай айыптоолор Кыргызстандын көк-бөрүчүлөрү коңшулардын көтөрүп чыккан шарттарына макул болду дегенден кийин айтылып чыкты. «Мен болгону аталган ат спортунун жанданышына гана кызыкдармын. Казакстандын шартына макул болуп, кол койду деп айтып жатышат, бул туура эмес. Көк-бөрү менен көк-пар бир эле оюн», -деди ал. ИНФОРМАЦИОННЫЙ ВИДЕО-ПОРТАЛ l Будьте в центре событий с нами ⭕️Авторский видео-ролики ⭕️Реклама и сотрудничество с каналом: +996772221111 © NEWS KG INSTAGRAM https://www.instagram.com/news.kg/

Похожие видео