Аксы окуясына 12 жыл: Канабайрамды жасагандар жазага тартыла элек

18.03.2014
Аксыдагы кандуу окуядан бери 12 жыл өттү, 2002-жылдын 17-мартында Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүп кетишине жана ошондогу депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чыккан Аксы элине ошол кездеги президент Акаев башында турган бийлик тарабынан ок атылган. Бийликтин карапайым калкка карата чыгарган огунан 6 адам курман болсо, ондогон киши жаракат алган. Сатымбай Үркүнбаевге 17-мартта ок тийип, кансырап атып, ооруканада каза болгон. Анын артында жубайы жесир, 2 уулу менен 3 кызы жетим калган. Андан бери 12 жыл өттү, учурда уул-кыздары эрезеге жетип, жогорку окуу жайларда окуйт. Үйлөнүп, уулдуу болгондору да бар. Жубайы Бүбүайша Базарбаеванын айтымында, Сатымбай эл үчүн жанын бергенге даяр, тайманбаган адам болгон. "Сатымбай үй-бүлөдө жакшы ата эле, жакшы жубай, балдарына карамдуу болчу,- деп эскерет анын жары Бүбүайша Базарбаева. - Бапылдап эле жүрчү, 17-мартта эл менен чыгып, өтүп кетти. Элим-жерим деген патриот болчу, 45 жашында, жаш кезинде курман болду." Акаев бийлиги ошол жылдары Кыргызстандын 120 миң гектар жерин Кытайга берүүгө макулдук берген. Бул маселе боюнча президент Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыккан депутат Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аксы районунун калкы Бекназаровдун сотуна катышуу максатында Кербенге жөө жүрүш менен баратканда Боспиектен күч түзүмдөрү аларды курал менен тосуп алган. Кыргызстандагы авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы алгачкылардан болуп аксылыктар чыккан. Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып, айылдыктар тынч жыйынга бара жатканда, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери элди дал ушул жерден тосуп алып, аларга карата ок чыгарган. Бул күнү 4 адам мерт кеткен. Кур дүрмөт менен атып жатат деп ойлогон көпчүлүк мөндүрдөй жааган октун астында калган. Эртеси Аксы районундагы айылдардан топтолгон миңдеген адам Кербен шаарында тынчтык митингине чыгып, эмне себептен элге ок атылганын жана буга чейин айтылган талаптарын кайталаган. Бирок 18-март күнү эл куугунтуктоого алынып, ал күнү 2 адам набыт болгон, күч аракеттери таң аткыча уланган. "Биз ооруканада жатканда, түнү менен атышуу болуп жатты",- дейт ошол окуяда жабыркаган Максатбек Момуналиев. Кандуу окуяда ондогон адам октон жарадар болуп, ооруканага түшсө, бир топ убакытка чейин дарыгерлер жабыркагандарды кабыл алып жаткан. "Ооруканада ур-соккуга алынган, ок тийгендер 32 болду,- дейт Аксы аймактык ооруканасынын хирургу Нурманбет Досонов. - Андан кийин да милициядан коркуп, келбей жүрүп, бир айдан кийин келгендер болду." Каргашалуу окуяга 12 жыл толсо дагы, азыркы күнгө чейин буйрук берген жана буйрукту аткарган адамдар жоопко тарлыла элек. Уланбек Дыйканбаев, Тимур Сыдыгалиев, Коомдук биринчи канал.

Похожие видео