#ОшТВ | ТҮШКҮ КАБАРЛАР ТОПТОМУ 24.03.2020 | Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 42ге жетти

24.03.2020
#ОшТВ | http://oshtv.kg/ Официальный сайт ТРК "ОшТВ" Подписывайтесь на канал ставьте лайки +18 | Сайт кабар https://www.youtube.com/channel/UCJNunORLe0Q6BOvUKZYIsug #ОшТВ | ТҮШКҮ КАБАРЛАР ТОПТОМУ 24.03.2020 | Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 42ге жетти Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди. 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан. Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында Ноокат аймактык ооруканасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында Баткен облустук бириккен ооруканасында Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды . Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды. Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды. 6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды. 14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды; Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Похожие видео

Показать еще