Исаков: Мен 100 пайыз тазамын, мени камоого негиз жок HD

29.05.2018
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак бергени кирди. Исаков Атайын кызматка суракка кирерден мурун журналисттердин суролоруна жооп берди. Ал УКМК аны камакка алат деп коркпой турганын жана камакка алууга негиз жок экенин айтты. «Мен Кыргызстандын жараны, экс-премьер-министр, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси катары суроолорго сөзсүз жооп беришим керек. Адам мыйзамсыз иштерге, ыплас нерселерге барганда камакка алыныш керек. Мен 100 пайыз тазамын» -деди Исаков. Исаков ушуну менен үчүнчү жолу сурак берүүдө. Эске салсак, Сапар Исаков 14-майда УКМКга сурак берген. Анда ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын айткан. Белгилей кетсек, 25-майда «Ата Мекен» фракциясы Мамлекеттик тарых музейиндеги реконструкция иштерин Сапар Исаков жетектегенин айтып чыккан. Бул боюнча Исаков жергиликтүү телеканалдардын биринде өзү да билдирген. Депутаттар музейдеги жабдыктарды алууда коррупциялык көрүнүштөр бар деп чыгышкан.

Похожие видео