Чек арадагы абал: соңку маалыматтар | Азаттык | Акыркы жаңылыктар | 30.04.2021
Эскертүү. Маалымат 30-апрель, саат 9:30га карата алынган. 28-29-30-апрель күндөрү Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесиндеги кагылышта кыргыз тараптан 13 адам мерт болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Каза болгондордун бирөө Лейлек районунан, 2008-жылы төрөлгөн кыз. Ага ок тийип, Баткен шаарындагы ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөнү маалым болду. Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда. Тажик тараптан 10 адам жараат алды.Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын маалымдады. 30-апрелге ооган түнү кыргы-тажик чек арасында эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар куралдуу кагылышты токтотуу тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу "Азаттыкка" документке кол койгон Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди. Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болгонун жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" кабарлашты. Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдашты.
Похожие видео
Показать еще