САЯКБАЙ МАНАСЧЫ - Жаңы жылдык куттуктоосу HD
Саламатсыздарбы!!! Касиетүү... Кыргыз эли!!! Кирип келе жаткан жаңы 2017- жылыңыздар менен куттукайм!!! Өтүп бара жаткан жыл, жалпы журтчулугубуз үчүн, жемиштүү, жакшы жылдардан болду деп ойлойм. Анткени, элибизде кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эң негизгиси: тынчтык болду, коңшу мамлекеттер менен да тынчтыкта жанаша жашадык!!! Тынчтык, ынтымактуулук, эмгек, элибиздин социалдык жашоосунун жакшырышы, элибиздин ден соолугунун чың болушу, мамлекетибиздин алдыга кадам коюп, күн санап, өнүгүп бара жатканынын белгиси эмеспи!!! Мисалы!!! Республикабыздын жети дубанында маданият жана тарых жылына карата өткөрүлгөн, кыргыздын каада-салтына, маданиятына, тарыхына байланыштуу иш чараларга күбө болгондо: кадимкидей жүрөк толкуп, дымагыбыз көтөрүлүп, кыргыз элибиздин табиятын жакындан тааныганда: эмгекчил, өнөрлүү, кең пейил өзгөчө эл экенине сыймыктанып, элдин маанайынан, аракетинен, алдыга карай умтулган ишенимдүү кадамын сездик!!!. Арийне, ар жылы ар бир адамда: кичинекей наристелерден тартып, чоңдорубузга чейин, бир жыл ичинде эмне кылдык?, эмнеге жетиштик?, эмнеге жетишпей калдык? деген суроо болбой койбойт. “Саякбай манасчы” Эл аралык фондусу үчүн бул жыл бир топ жемиштүү болду, десем жаңылышпайм. Жыл бою кылган иштерибиздин жыйынтыктары эл алдында таразаланып, өз баасын алып, жакшы саамалыктар менен бир-бирибизди куттуктап турган кез. Биздин башкы милдетибиз улуттук идеологиянын уңгусу болгон “Манас” феноменибиздин руханий, маданий дүйнөсүн, элге жеткирүү, сактоо жана ар тараптуу жайылтуу болуп саналат. Өтүп бара жаткан 2016-жылы “Манас” дүйнөсүнө байланыштуу иш чараларды өткөргөн, жайылтып жаткан жарандарыбызды, коомдук уюмдарды, мамлекеттик илимий чөйрөлөрдү, демөөрчүлүк колдоо менен бирге, Республикалык масштабда залкар манасчылардын юбилейлерин өткөрүүдө, аларга арналган илимий энциклопедиялык басмалардын чыгышына, теле радио корпорациясы менен биргеликте манас таануу боюнча проектерди ишке ашырууда, жигердүүлүк менен эмгектендик. Кинемотографияда биринчи жолу адамзаттын генийи, Саякбай манасчынын биографиялык көркөм тасмасын; тарыхыбызга байланыштуу “Үркүн” көркөм тасмасын; элдик фольклорго кайрылып, “Легендалар” аттуу көркөм тасманы, тартууга үлгүрдүк. “Саякбай манасчы” Эл аралык фондусу, жаңы жыл алдында жыл жыйынтыгын чыгаруу менен, кийинки жылы, мындан дагы чоң, ишенимдүү кадамдарды таштап, мамлекетибиздин идеологиясынын тизгинин тутамдап, маданиятыбыздын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошобуз деп ишендирип кетем!!! “Саякбай манасчы” Эл аралык фондусунун, жамаатынын атынан, өзүмдүн атымдан, элибизди кирип келе жаткан - Жаңы 2017-жыл: бакубатчылыктын, токчулуктун, ынтымактуулуктун - "ырыс жылоологон" жылы болсун, өлкөбүз өссүн, элибизде тынчтык, аманчылык болсун, деген тилегибизди, айткым келет!!! Дагы бир жолу, Жаңы Жылыңыздар менен!!!, Касиетүү... Кыргыз эли!!!
Похожие видео
Показать еще