23 февраль куну менен куттуктайбыз! HD
Урматтуу Кыргызстандыктар, сиздерди Ата-мекенди коргоочулар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! 23-февраль –эрдиктин, кайрат жана ар-намыстын майрамы катары, биздин тарыхыбызда өзгөчө орду бар. Бул майрамды ар бир үй-бүлөө белгилейт. Бул күнү биз Мекенибизди ардайым коргоп келген жана бүгүнкү күнү да коргоп жаткан аскер кызматкерлерибизге урмат-сыйыбызды билдиребиз. Ата-журтубузду сактап калуу үчүн өз өмүрүн аябаган, эрктүү жана тайманбас баатырларыбызга ыраазычылыгымды айтам. Кыргызстанда кандай гана мезгил болбосун, өз үйүн жана Мекенин коргоо – ар бир патриоттун ыйык милдети. Ар бир Кыргызстандык, кайсыл тармакта иштебесин, аскер кызматында болобу, жарандык иш менен алек болобу –биринчи кезекте ал Мекен коргоочу болуп эсептелинет. Өзгөчө жаш муунга кайрылабыз, байыртадан бери келген улуу аскер каада-салттарыбызды сактап, жарандык милдетиңерди ак ниет менен аткарууга чакырабыз. Баардыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр,эрдик жана ийгилик каалайбыз!