Элдик радио Москва жанылыктары #1 чыгарылыш 01-07-18
Москвада кыргыз дарыгерлери кесиптик майрамын белгилешти. 29.06.куну Москвада медицина кызматкерлеринин майрамына карата кыргыз мед.борборлорунун арасында футбол боюнча спартакияда болуп отту. Бул мелдешти врач-хирург, «Ваш Доктор-А» мед.борборунун жетекчиси Алибеков Кубанычбек уюштурду. Спартакиядага Клиника НУР, Дружба, Светал-Медикал, Адель, АТК-Мед, Ваш-Доктор А, Три А-Мед, Мурас, Лидер, Умай мед.борборунун дарыгерлери катышты. Бул куну аталган мед борборлордун жетекчилерине жана калкка эмгеги сиңген дарыгерлерге Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспоралары, Аксакалдар кенеши, ж.б коомдук уюмдардын атынан грамоталар тапшырылды. Он команданын арасында жарыш кызуу журуп жыйынтыгында; 1-орун Светал-Медикал, 2-орун Адель, 3-орун АТК-Мед, 4-орун Клиника НУР ээ болду. Таймаш сонунда жеңүүчүлөргө кубок, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кийинки жылы футбол боюнча спартакияны уюштуруу эстафетасы Мурас клиникасына ыйгарылды. Айта кетсек, Москва жана Москва областында 600 миңге жакын мекендештер жашап-эмгектенишет, 50 (элүү)гө жакын кыргыз мед.борборлор бар. Учурда мекендештердин 56 коомдук уюму уюшулган, алар ар дайым ынтымакта- биримдикте маданий салтанат кечелерди өткөрүп келишет. Омур сакчыларынын майрам күнүнө футбол боюнча спартакияны уюштурган Алибеков Кубанычбек Тилебалдыевичке жалпы ак халатчандар ыраазычылыктарын билдиришти.