Чыңгыз Айтматов 4 жашында тамганы тааныган
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган саамалыктар өлкө дубандарынын баарында колго алынууда. Ош шаарында да маданий иш-чаралар белгиленип, жазуучунун даңазалуу эмгек жолун чагылдырган даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө. Ал эми 1930-жылдары Айтматовдор жашаган үй азыр музейге айланган. Кабарчыбыз Авазбек Айтиев улуу инсандын балалыгы өткөн үйгө жана бала бакчага барып келген. Төрөкул Айтматов 1931-жылы Ошко көчүп келгенден тарта, үй -бүлөсү менен дал ушул үйдө жашаган. Бирок 1983-жылга чейин бул маалыматты эч ким билген эмес. Жашыруун маалыматты Чынгыз Айтматов өзү ашкере кылган. Азыр бул жер чакан музейге айланган. Ош облустук кинодирекциянын башчысы Адылбек Сарыбаев: "Республика боюнча бул өңдүү Төрөкул Айтматовго таандык эстелик калбаптыр. Мен Роза Төрөкуловнадан да сурап көрдүм. Ушул жер жана №1 бала бакча гана эң маанилүү эстелик болуп эсептелет. Азыр бул жерди музей кылып койдук." Фрунзе көчөсүндө жашап турганда Төрөкул Айтматов дал ушул №1 бала бакчага, келечектеги улуу жазуучу Чынгызды тапшырган. Бул бала бакча ушул күнгө дейре, өз милдетин аткарып, балдарды тарбиялап келеп. Екатерина Дробот Чынгыз Айтматов менен жакын жашап, бир бала бакчага барган. Азыр да ал менен чогуу ойноп өткөргөн күндөрүн унутпайт. Залкар жазуучу бала чагынан эле тамга таанып, өзү теңдүү балдардан айырмаланып турчу дейт. Ош шаарынын тургуну Екатерина Дробот: "Мен ал кезде 6 жашта болчумун. Ал эми Чынгыз Айтматов 4 жашта эле. Биз жакын жашагандыктан чогуу ойноп, бир бала бакчага барчубуз. Мен эки жашка улуу болгонума карабай, ал ошол эле кезде тамга таанып, жазганды билчү, керек болсо баарыбызга үйрөтчү." Улуу жазуучунун басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы боюнча тартылган даректүү тасмалар мектеп жамаатынын өтүнүчү менен окуучуларга көрсөтүлүүдө. Бул жолу Ош шаарындагы Курманжан датка мектебинин окуучуларына кезектеги даректүү тасма коюлду. Ош шаарындагы Курманжан датка атындагы мектептин директору Гүлмайра Эргешова: "Балдарга тарбиялык мааниси бар тасмаларды жана даректүү фильмдерди атайын кайрылуу менен койдуруп жатабыз. Анткени адам менен жаратылыштын байланышын чагылдырган тасмалар, окуучуларга өзгөчө тарбиялык сезим калтырат." Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата, Ош облустук кинодирекциясы жакын арада даректүү тасмаларды аймактагы мектептерге да көрсөтүүнү пландап жатат. А. Айтиев, А. Айбашев, КБК, Ош шаары.