Биз тобу ⭐- Аппагым (аудио) // #Kyrgyz Music

13.06.2017
Сөзү : Бактияр Токторовдуку Обону : Бактияр Токторовдуку Адыр-адыр тоолордо жүргөндүгүм, аа, Акылымдан адашып сүйгөндүгүм, аа. Сезимдердин сезилер назик кылдары, Ошол адыр тоолордун ак гүлүндөй, аа. Кайырма: Аппагым, ай, аппагым, аппагым менин, Айлап, жылдап, кылымдап тапканым менин. Алтынга да, айга да, күнгө да эми, Алмаштыра албаймын, аппагым сени. Бийик-бийик тоолордо жүргөндүгүм, аа, Бийиктигин талашып сүйгөндүгүм, аа. Ойлогонум, ойлорум, күлүк ойлорум, Ошол бийик тоолордун ак карындай, аа. Кайырма: Махабаттын ак жолун баштаганым, аа, Кадамдарым алыска таштаганым, аа. Калем-калем кашыңды, чийме кашыңды, Чыбыгына чырмалып калгандыгым, аа. Кайырма: Мокок болуп далайга жүргөндүгүм, аа, Мончок, кара көзүңдү сүйгөндүгүм, аа. Мажүрүм тал көлөкөлөп кылымдар аккан, эй, Ак тилегим Ак-Бууранын тилегиндей аа. Кайырма:

Похожие видео