Астана: мигранттар "Кутбилим" жекшембилик мектебин ачты
Казакстан борбору Астанада иштеп жүргөн мекендештерибиз "Кутбилим" аттуу жекшембилик мектебин ачты. Жекшемби күнү кыргыз тилинде билим алган замандаштарыбыз - кыргыз тили, адабияты, тарых, манас таануу, кол өнөрчүлүк жана улуттук аспаптарда ойноо өнөрлөрүн үйрөнөт. Астанадагы Гали Орманов атындагы №7-мектеп гимназияда эле 480 кыргыз бала билим алат. Мына ушул мектептен мекендештирибиз үчүн атайын класс бөлүнгөн. Коңшу казак элинде азырынча кыргыз тилинтеги мектептери жок. Андыктан, мекендештерибиз балдарына кыргыз тилинде билим берүү үчүн жекшемби мектебин ачкан. Астанадагы жекшемби мектеби жумасына эки күн иштейт. Балдарга кыргыз тили, адабияты, тарыхтан сабак берилип, манас таануу, кол өнөрчүлүк жана улуттук аспаптарда ойноо өнөрлөрү үйрөтүлөт.