Ильяз Абдыразаков "Менин кереметим" (Премьера песни) 2017

24.04.2017
Ильяз Абдыразаков "Менин кереметим жаны ыр 2017" Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы Обону : Ильяз Абдыразаковдуку Садагам менин сагындырган эркем, Сендей жашабайт, жок ааламда. Күндө мага жүрөсүң эркелеп Калтырбаймын бил, сени арманга. Күндөрүм өтөт сүйүүм күчөйт, Бакыт берген кереметим. Жылдар да өтөт жашоом гүлдөйт, Буйруганым менин. Кайырма: Асылзатым, сен махабатым Алоолонгон сүйүүмдүн ээси жаным. Аруузатым, тапкан менин бактым, Жүрөгүмдө өзүң жашайсың ашыгым. Таңдагы нур өзгөчө керемет, Өзүң болсоң жандап жанымда. Кыялдарга жетели эртелеп Сүйүүбүздү айтып ааламга. Күндөрүм өтөт, сүйүүм күчөйт, Бакыт берген кереметим. Жылдар да өтөт, жашоом гүлдөйт, Буйруганым менин. _ Каждый день новое видео из Кыргызстана!!! Подписывайтесь на НАС! Кыргызча Видео-Роликтер Подпишись

Похожие видео