ЫКЧАМ КАБАР! Жапаров менен Бабанов биригип иш баштайбы? HD

10.02.2021
Жапаров менен Бабанов биригип иш баштайбы? Президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолугушарын президенттик аппараттын басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктады. Анын айтымында, жолугушууда өлкөгө инвестиция тартуу маселеси тууралуу сүйлөшүшөт. "Менин угушум боюнча Өмүрбек Бабанов инвесторлорду чакырып жатат. Ал инвестициялык экономикалык долбоор сунушташы мүмкүн", - деди ал. Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирген. Муфтий Максат ажы акыры арызын жазып кетти Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирген. "Эмне себеп болуп кеткенин өзүм да билбей, түшүнбөй калдым. Башка президент кызматтан бошотсо өз кишисин койду го деп түшүнөт элем. Мен бул президенттин өз кишиси болчумун да. Инаугурациянын алдында муфтиятка келип, мени тааныштырып, үй-бүлөлүк адвокатым деп айтты эле. Жардам беребиз деп мени мактап, жактап кеткен. Садыр Жапаровдун 10дой жактоочусу болгон. Анын ичинен эң жакыны мен болчумун. 10 жылдан бери жактоочусу болуп жүрөм. Өзү байланышка чыккан жок. Президенттик аппараттын башчысы мени чакырып алып, сиздин тагдырыңыз чечилип калды деп айтты. Мен бул кызматка жан талашып барган эмесмин", - дейт Токталиев. Биздин сайт: https://eldik.media/ Facebook https://www.facebook.com/eldik.media/ Instagram : https://www.instagram.com/eldik.media/

Похожие видео

Показать еще