Тилдин кесепети Шейх Солих аль-Фаузан
Шейх Солих аль-Фаузан айтты: Пайгамбар (соллоЛлаху алейхи ва саллям) тилдин күнөөлөрү-н айтып, андан кайтараган кезде, Муаз ибн Жабаль (радиаЛлаху анху) андан сурады: О, Аллахтын элчиси! Ошондо биз сүйлөгөн нерселерибиз үчүн да суралабызбы? Айтты: “Апаң сенден арылсын, о Муаз! Адамдарды тозокко жүздөрү (же тумшуктары) менен ыргытылууга жалган сөздөрүнөн башка эмне себеп болмок эле?!” . Андыктан тилди тартып аны сактап жүрүү адам үчун милдет. Бул тууралу ыр саптарында мындай деп келет: Тилиңди сактап жүр, о инсан. Ал сени жылан сымал чагып албасын! Кабырдагылардын канчасы тилдин айынан өлгөндөр. Аны менен кезиккенден баатырлар да коркушкан. Ошол үчүн мусулман өзүнүн тилин арам сөздөрдөн дайым сактап жүрүшү милдет. Кала берсе пайдасы жок ар кандай тигил айтты, бул айтты деген сөздөрдү таштап тилин сактап жүрүшүрү керек. Эгер инсан тилин сактаса - анда ал башка дене мүчөлөрүн да сактап алат. http://islamjolu.kg/?p=3041 @islamjolu Telegram / FB / VK / Ok / Twitter
Похожие видео
Показать еще