"Каухар" бизнес-борборундагы өрт өчүрүлдү HD

08.05.2018
Бишкектин Орто-Сай базарынын жанында орун алган "Каухар" бизнес-борборундагы өрт саат 12:27де өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда өрттү толугу менен өчүрүү, урандыларды тазалоо аракеттери уланууда. Баштапкы маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. "Каухар" бизнес-борборунда өрт бүгүн саат 11:30 чамасы чыккан. Ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Имаратта медициналык борборлор, бир нече банктардын филиалдары, фирмалар жайгашкан.

Похожие видео