Орусия Ошко авиа база ачабы?

21.04.2015
Орусиянын айрым басылмаларында жарыяланган Орусия Кыргызстандын түштүк аймагына дагы бир аскердик база ачууга ниети бар деген маалымат коомчулукта кызуу талкууланып жаткан кез. Бир мамлекеттин аймагында башка өлкөнүн 2 аскердик базасынын болушуна эмне себеп болууда, Орусиянын кыргыз армиясына бир миллирад долларлык аскердик куралдар, жабдуулар менен көмөк көрсөтүп жатканынын артында эмне бар, дегеле Кыргызстан өз коопсуздугун сактоого кудуретсизби ж.б. суроолор бүгүнкү “Арай көз, чарай” берүүбүздө жооп издейбиз. Талкууну Бакыт Орунбеков алып барат. Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы, полковник Азамат Дүйшөнбиев жана коомдук ишмер Эдил Байсалов

Похожие видео

Показать еще