Аброю бийик адам болгун келеби? HD

15.10.2018
Биздин каналга жазылып соопко шериктеш болууну унтпаныз! WhatsApp +996550106363 ☎️ Биздин контакттар: Инстаграм: https://www.instagram.com/islamjolu/?… Ютуб: https://www.youtube.com/user/islamjolu Фейсбук: https://www.facebook.com/islamjolu/ Телеграм: https://t.me/islamjolu https://youtu.be/1gtcEUj4fDs Одноклассники: https://www.ok.ru/islamjolu ВКонтакте: https://vk.com/islamjolu Шейх Абдурразак аль-Бадр айтты: Субханаллах! Өтө кылдат бир маселе: Пенденин кадыр баркы-аброю өсүшүнө башка адамдарды кечире билүүсү себеп болот. Пенде канча башка адамдарды кечире билсе – ошончо өзүнүн урматы, аброю өсөт. Пайгамбарыбыз ﷺ келген сахих хадисте айтылат: “Адам канчалык башкаларды кечирген сайын Аллах аны ошончолук урматын көбөйтөт (Муслим: 2588). Ушул кылдат нерсени – автор Шейхуль-Ислам Ибн Теймия – айткысы келип [бул сөздү алып келет]. Кечиримдүү болуу – ал адамга бир гана ызаттуулук, урмат бийиктик алып келет! Себеби - бул нерсеге көңүл буруу керек - ким жамандык кылган адамынан өчүн ала турган болсо, ошол өч алуусу менен эмнени каалайт? Албетте, өзүнүн аброюн коргоп, урматтуу болгусу келет, бирөөгө кор болгусу келбейт. Ошон үчүн өч алат да. Бирок ким кечиримдүү болсо – сыртынан ал кордолгондой көрүнгөнү менен, чындыгында накта аброй-урматтуулук мына ошол. Ким кечирсе – мейли ал кайсыл гана жагдай болбосун, эмне гана болбосун – ал кечиримдүү болсо, ошол адам сый-урматка бийиктикке жетет. Аттиң ай, ушул нерсеге биз жакшыраак акыл калчап ойлонгонубузда гана! Демек, кечиримдүүлүк адамга бир гана сый-урмат, аброй алып келет. Ал эми өч алуу – сыртынан урмат-абройун коргогондой болуп көрүнгөнү менен, чындыгында бул нерсе менен аброй алынбайт. Аброй, сый-урмат бир гана кечиримдүүлүк менен келет. “Башкаларды кечирген пенденин Аллах урматын көбөйтөт”, б.а. ар бир кечирген сайын пенденин даражасы, ийгилиги көбөйүп турат. Себеби бул сыпат – Аллах Таала жакшы көргөн сыпат. Ушул маселени түшүнүүгө Аллахтын ушул сөзү жетиштүү болор Аллах айтты: “Аллах силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу” (Куран, ан-Нур 24:22). Бул аяттын өзү жетиштүү эмеспи?! https://youtu.be/UhdySr6w89M

Похожие видео

Показать еще