Мадумаров Биздин президент "партизан"
Биздин президент кандайдыр бир партизан сыяктуу. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында саясатчы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров айтты. “Мен президенттин сөзүн айтып коеюн: “бажы кызматында Матраимов жалгыз эмес, ал жакта коррупционерлер жүздөп саналат” деди. Ал жөнүндө билсең эмне унчукпайсың? айт да. Шайлоо алдында 35 коррупционердин атын билем деди эле. Биздин президент партизан сыяктуу…”, – деди саясатчы. Мындан сырткары, Адахан Мадумаров басма сөз жыйында расмий түрдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго кайрылуу жолдой турганын билдирди. Буга Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандарынын шайлоодогу укуктары сакталбай жаткандыгы себеп болгонун айтат.