Абактагылар эмнеге козголду? HD
Номур 27- абактагы ачакылчык дале уланууда. Маалыматтарга караганда, учурда алтымыштай киши ачкачылык кармап, алардын 11и ооздорун тигип алса, күрөө тамырын кесип алгандар дагы бар. Талаптары- абактагы шарттарды жакшыртып, уюлдук телефон колдонууга уруксат берүү. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болсо, абактагылардын бул талабы мыйзамга каршы келээрин айтып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.