"Cапар": Улуттук китепкананын 85 жылдыгы - BBC Kyrgyz HD

17.05.2019
Кыргызстандын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы 85 жылдыгын белгилеп жатат. Өлкөдөгү башкы китепкананын фондунда 90 тилдеги 6 миллион басылма бар. Улуттун эң башкы интеллектуалдык казынасы өзүнүн сексен беш жылдык тарыхында 37 млн окурманга кызмат көрсөттү. Азыркы учурда фондуна жаңы адабияттар кошулуп, техникалык жабдуулар жаңыртылууда. Акысыз чет тил курстары иштеп жатат. Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/

Похожие видео