Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыкты тапшыруу аземин өттү

12.04.2016
“Жетимен” коомдук кайрымдуулук фонду кезектеги Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыкты тапшыруу аземин өткөрдү. Фонд алдындагы эл аралык адабий сыйлыкты тапшыруу боюнча комиссиянын төрагасы, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жетекчилиги менен атайын тандоо жүргүзүлүп, бул жолку сыйлыкты Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова менен Алтай Республикасынын эл акыны Бронтой Бедюровго ыйгаруу чечими кабыл алынган. Эске сала кетсек, буга чейин бул сыйлыкка Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тургунбек Бекболотов, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Кыялбек Урманбетов, Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеев жана казак элинин көрүнүктүү акыны Улукбек Есдаулет ээ болгон. Сыйлык эки жылда бир жолу акын Байдылда Сарногоевдин акындык салтынан тайбаган мыкты акындарга тапшырылып келет.

Похожие видео