Жазы-Кечүү айылы электр энергиясы менен камсыз болду HD
1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет. Бул айыл төрт тарабынан тоолор менен курчалып, жетүүгө кыйын болгон аймакта жайгашкан. Райондук борборго жетүү үчүн 110 километр аралыкты басып өтүү керек. Жол тоонун боорунда жайгашып, аянычтуу абалда. Кеч күздө жана кышында жаан-чачындын айынан райондук борборго баруучу жол толук жабылат. Жарыяланган региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров өткөн жылдын күзүндө аталган айылга келип, түзүлгөн абал менен таанышкан. Ушул жылдын 6-июнунда “Жалалабатэлектро” ААК өз күчү жана каражаттары менен биринчи электр зым тирөөчтү орнотуп, жумушту баштады. Бардыгы болуп 654 электр мамычалар, анын ичинен: 10 кВ чыңалуудагы 479 даана , 0,4 кВ чыңалуудагы 175 электр мамычалар. 18 чакырымдан ашуун электр берүү чубалгылары коюлуп, 4 анкердик тирөөч орнотулду. Ошондой эле айылда 110 кВА кубаттуулуктагы 1трансформатор жана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду.