VID-20200412-WA0028.mp4
Кечирип кой АЛЛАХЫМ!!! Канча өмүр жашарымды ким билет. Бул күндөрүм жараткандан бир белек. Кечирип кой көңүлүңдү оорутсам. Таарынычың болсо эгер кете элек. Кечирейин. Кек сактабай жүрөктө. Кечирбеген текебер жаан биз белек. Канчалаган күнөөлөрдү кечирген. Жараткандын жанында биз ким элек. Жамандыкка өзгө бир жан кыйбасын. Бул дүйнөдөн кеткен кезде жол тартып. Сени күткөн Периштелер кубанса. Жерде калган жакындарын сыздашат. Өлүм,өмүр ортолугу бир кадам. Кечээ көргөм бүгүн жокко ал адам. Көр оокатын арасында биз жүрүп. Өмүр баркын унутупбарат бул заман. Чындыгында келип кетчүү конокбуз. Бүгүн барда өлүп кетсек жомокбуз. Аз өмүрдүн биз кадырын билгенде. Бүт дүйнөнү гүлгө оороп коймокбуз. Бул жашоодо кадырлашып калалы. Биз пендеге урмат сыйды кылалы. Кел замандаш жакшы сөздү аябай. Кыска өмүрдө биз урматташып алалы. Жаратканым бизге берген бир өмүр. Өтүп барат учкан куштай зымырап. Бүгүнкү күнүбүздү эртеңкиге калтырбай Жакшы жашап өтөлүчү бул өмүрдө....... #Альхамдулиллах