КОЛУ БУТУҢДУ БАЙЛАП САЙГА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРЕМ ДЕП ОШТУН МЕРИ КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ###

15.04.2017
Көпүрө өз учурунда бүтпөсө колу-бутуңду байлап, дарыяга ыргытып жиберем, - Оштун мэри А.Кадырбаев. Ош шаарындагы бокс жана оор атлетика мектебинин жаңыдан курулуп жаткан жатаканасынын абалы талапка жооп бербейт. Андан улам шаар жетекчилиги тарабынан эскертүү берилди. Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүн, 14-апрелде шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы курулуш иштери менен таанышып чыкты. Алгач ФИФА каржылаган футбол академиясынын курулуш иштерин көрдү. Кыргызстан футбол федерациясынын өкүлү Тимур Абдуллаевдин айтымында, учурда жумуштун 80%ы бүткөрүлгөн. «Курулуш иши өткөн жылы башталган. Мектеп жалпы 84 окуучуга ылайыкташкан. Учурда курулуш иштеринин 80%ы бүткөрүлдү. Жаан-чачын тоскоол болгондуктан кечеңдеп жатат. Толугу менен 1-июлда бүткөрүп, тапшырабыз», - деди Т.Абдылдаев. Андан кийинки сапар бокс жана оор атлетика мектебинин жатаканасына уланды. 50 орунга ылайыкташкан жатакана менен ашкананын курулушу быйыл башталган. Шаар мэри текшерүү учурунда имараттын дубалдарынан тартып, брусчаткаларына чейин сындап, сапатсыз экенине токтолду. «Брусчаткалардын сапаты начар, балдардын жатуучу бөлмөлөрүндөгү шкафтар дагы тар. Муздаткыч дагы чакан болуп калган. Тепкичтердин да абалы талапка жооп бербейт. Биз сапаттуулугуна көңүл бурушубуз керек. Курулуш компаниясы өз чөнтөгүнөн кайрадан оңдоп чыксын. Мен бул объектини кабыл кылбайм», - деди А.Кадырбаев. Ал эми, курулуш компаниясынын жетекчиси Азамат Эргешбаев курулуш материалдарынын баары тендердин негизинде алынып, жалпы 19 млн сом сарпталганын билдирди. Шаардын Тилеке баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен да таанышкан мэр, өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле, Сай-Бою көчөсүндөгү велосипед менен жүрүүчү жол, Санк-Петербург көчөсү менен 46-көчөнүн кесилишиндеги кичи көпүрө менен таанышты. Сай-Бою менен Тилеке баатырды бириктирген көпүрө 6-кварталдык комитеттин башчысы Азат Юлдашовдун айтымында, эски көпүрөнүн абалы өтө начар болуп калган. «Бул көпүрө 1976-жылы курулган. Абалы өтө начар болуп, өтө албай калган элек. Эми жаңы көпүрөгө ээ болдук. Бул көпүрө аркылуу 6-7-8-кварталдык комитеттеги жашоочулар каттайт», - деди А.Юлдашов. Мэр Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, акыркы эки жылда шаарда курулуштар көбөйдү. «Учурда Ош шаарында 6 мектеп, 2 бала бакча курулуп жатат. Биз каражатты үнөмдөө менен көпүрөлөрдү, ФАПтарды куруп жатабыз. Шаар Орто Азиядагы гүлдөп-өнүккөн шаарлардын катарына кирет», - деди ал.

Похожие видео