"Сенсиз бакыт,бул өмүрдө кереги не"
*АЙРЫЛУУ* _Сүйдүм сени, ак сүйүүмдү баалабадың,_ _Сендик болгон сезимимди жараладын._ _Түбөлүктүү сендик болом деген элен,_ _Кайсыл кылган жазыгыма жазаладын._ _Башкалардан мен сени кызганамын,_ _Жүрөк сыздап муз болду бүт ааламым._ _Өкүнүчкө салып мени кош айтышып,_ _Кете бердиң, мен шордуу ызаландым._ _Кошо сүзүү махабат деңизинде,_ _Калган өңдүү буйрубай эми бизге._ _Балким бакыт жолугар жолду тосуп,_ _Кезигербиз жашоодо теңибизге._ _Тагдырыбыз жазмышы ушул болсо,_ _Айрылууга арга жок деги бизге._ Сапарали уулу Кайратбек.