Акылбек Жапаров: "Жумушчу топ өз ишин натыйжалуу аяктады" HD
Ишкерлер үчүн кассалык-көзөмөл машиналарын ишке киргизүү үчүн ийкемдүү шарт түзүлөт. Бул боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен жолугушкан учурда талкууланды. Белгилей кетсек, ККМди милдеттүү түрдө ишке киргизүүгө каршы чыккан бизнес чөйрөсүнүн митингдеринен кийин ишкерлерден жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөн.