"Бугун туулган күнүңүз Апа"

30.07.2019
Жаратып бул дүйнөгө тапкан Апа,Жашырып жаманыңды жапкан Апа.Жаныңдын амандыгын күндө тилеп,Жатаарда дуба кылып жаткан Апа.Ак кийгизип,ак жедирип баккан Апа,Абайлап ак бешикке салган Апа.Агарып таң атканча карыш жылбай,Алдейлеп карап сени жаткан Апа,Нур сымал жарыгын тегиз чачып,Нан чайнап алкымына салган Апа.Наадандык кылганына нары кетпей,Наалыбай акыл сөзүн айткан Апа. Алтыным Апакем Өздүк Майрамыңыз кут болсун ден соолугуңуз чын өмүрүңүз узун маанайыңыз ачык биздин жана туугандардын классташ досторуңуздун сый урматын көрүп жүрө бериңиз аман болуңуз бар болуңуз эч убакта ооруубаңыз оомиин!!! Турция Анталия 29.07.2019

Похожие видео