ЖАШТЫК Ж-ДӨ СОНУН ЫР! ЫРДАП МУЮТУП КОЙДУ Токтор БЕКБОЕВ кыргызча ырлар, аккордеон кайрыктары

20.11.2021
Көп кырдуу талант Токтор Бекбоевден сонун ырлар! "Жаштык менден кеткенби дейм чын эле" Сөзү Курбанали Сабыровдуку. Обону Бабаравшан Тургунбаевдики Көп кырдуу талант Токтор Бекбоев агабыздын күйөрмандар абдан көп. Мен дагы бул агамдын күйөрманымын. Токтор аке, жөнөкөй нерселерден тамаша курап, боорду эзип күлдүрүп, ар бирибиздин жүрөгүбүздү жылыта билесиз! Куудулдук жайыңыз өтө сонун. Акылы жогору, байкагыч, сезгич адамдар гана күлдөрө алат. Сиз чыгармачылыкта бышып турган инсансыз, сиздин талантыңыз бааланбай келет. Балким, кыргыздын мыкты жигиттери колдоп койсо, сиз жарата турган иштер алдыда! "Жаштык менден кеткенби дейм чын эле" Сөзү Курбанали Сабыровдуку. Обону Бабаравшан Тургунбаевдики Жаштын менден кеткенби дейм чын эле, Жакшы кызга жакпай калды сөздөрүм. Бир караштан кетирчи элем айласың, Кайсы кызга карабасын көздөрүм. Өткүр жаштык өткөнбү дейм чын эле? Жаштык менден кеткенби дейм чын эле. Кабылан жаштык кайтканбы дейм чын эле, Кадимкидей калтыратчумун сүр менен. Кучагымда балкылдатып ээритип, Жалбырттатып өрткө каптап ийчи элем. Кайран жаштык кайтканбы дейм чын эле? Кабылан жаштык кайтканбы дейм чын эле. Жалгыз басуу анда мага жат болчу. Келчи дайым кыз жанымда баскысы. Кийип чыгып жарашыктуу көйнөгүн, Күндө мага келчи кайра жаккысы, Жалгыз басуу анда мага жат болчу, Жалгыз басуу анда мага жат болчу. Жаштык менден кеткенби дейм чын эле, Жакшы кызга жакпай калды сөздөрүм. Бир караштан кетирчи элем айласын, Кайсы кызга карабасын көздөрүм. Өткүр жаштык кеткенби дейм чын эле , Жаштык менден кеткенби дейм чын эле?

Похожие видео

Показать еще