Кореянын эң бай актрисасы жана корей доромаларынын ханышасы Чон Джи Хён HD
Баарыңыздарга салам, сиздер менен AD film Бүгүн сиздерге Түштүк Кореянын эң бай актрисасы жана корей сериалдарынын ханышасы Чон Джи Хён жөнүндө айтып берем, андыктан биздин канал менен бирге болуңуздар! Эгер видео жаккан болсо лайк басып, комментарийге ой- пикириңизди калтырыңыз, дагы да ушул сыяктуу видеолорду көргүңүз келсе каналга катталганды унутпаңыз! Чон Ди Хён толук аты: Ван Джи Хён ал 1981- жылы 30-октябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган, анын боюнун узундугу 172 см, учурда 2 уулдун энеси Кичинесинен боюу узун, татынакай Ван Джи Хёнго балдар эле эмес, кыздар да суктанчу,ага достору "модель же актриса бол"деп кеңеш берген Бир күнү достору менен сейилдеп жүргөн Джи Хёнду "Ecole" журналынын редактору көрүп, кастингге чакырат.Анын модель катары сүрөтү 1997-жылы дал ушул журналдын биринчи бетине басылып чыккан. Кийинки чакыруу дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу бренддердин бири болгон "Samsung" компаниясынын жарнамасына тартылган,ошондон бери актриса "Samsung" компаниясы менен иштешип келе жатат. Анын актриса катары карьерасы 1998-жылы "Покори моё сердце" доромасына тартылуу менен башталган.Анын атын бир гана Кореяга эмес,Азия өлкөлөрүнө тааныткан тасма 2001-жылы "Шок девочка"аталышында чыгып,тасмадагы ролу үчүн Джи Хён "Эң мыкты актриса" наамын утуп алган. Дал ушул шок кыздын образында тартылып берүүсүн өтүнгөн жарнама берүүчүлөр быжырап, актрисанын капчыгы калыңдаган. Ал тартылган сериалдар аз, бирок саз Джи Хён,Ким Су Хён менен биринчи жолу "Воры"доромасына тартылышкан.Тасма ошол жылдын популярдуу жана көп каражат чогулткан эмгектеринин катарына кирет. Джи Хён тартылган сериалдар аз бирок тартылган сериалдарынын көпчүлүгү өтө жакшы жыйынтыкка жетишкен. 2013- жылы Ким Су Хён экөө кайрадан биригип, Кореяда эле эмес, ондогон өлкөлөргө,анын ичинде Кыргызстанга да популярдуу болгон сериалга тартылышты,Ал "Человек со звёзды" доромасы.Бул дорома чынында баш каармандардын экөөнүн тең багын ачты.Экөө тең азыркы учурда эң көп гонорар төлөнгөн актёр-актрисалардын сап башында турат. 2016-жылы Ли Мин Хо экөөнүн "Легенда синего моря" доромасы да бир канча мамлекетте жогорку рейтингди багындыра алды.Андан бери экранда көрүнбөгөн актриса "Чирисан" доромасына тартылып, көптөн күткөн күйөөрмандарын кубантууда Жи Хён 2012-жылы 13-апрелде Чве Жун Хёк аттуу мырзага турмушка чыккан,актриса болушунча жеке жашоосун сыр туткунга аракет кылат, алардын учурда ортосунда 2 уулу бар Байлыгы Чон Жи Хён 2005-жылдан бери гонорары жогорку актрисалардын алдыңкы катарында Ал доромадагы ар бир серия үчүн 84 миң доллардын тегерегинде каражат алат. Бирок гонорардан дагы ал жарнамалык келишимдерден көбүрөөк каражат табат, анткени ал Корея эмес, Япония, Кытай жана башка мамлекеттердин жүзү. Анын өзүнүн бир катар таанымал иштеп чыгаруу компаниялары бар,ошол себептен аны Кореянын эң бай актрисасы деп атоого болот AD film:https://youtu.be/zDzNz2iKNkc #Кореяактрисасы #ЧонДжиХён #модельер