Билимсиз муун - майып муун! HD

30.03.2021
Орусияда 700 миң Кыргызстандык мигрант бар. Алар Кыргызстанга жыл сайын 2.5 млрд доллар салышат. Бирок Кыргызстанда өндуруш болбогондуктан мигранттардын акчалары кайра эле чет өлкөдөн чыккан товарларды сатып алууга сыртка чыгып кетет. Өндуруш болмоюнча, акчанын 50-60%ы Кыргызстандын ичинде айланмайынча өлкөдө доллар тартыштыгы боло берет. Акча сыртка агып чыгып кете берет. Эгерде өлкөнүн билим берүү саясаты мыкты болгондо, сапаттуу билим алган билимдүү муун Орусияда кор болмок эмес. Билимдүү муун жумушту өнүккөн өлкөлөрдөн издемек. Орусия берген айлыкка караганда 3-4 эсе көп айлык алышмак. Ошондуктан Кыргыз жаштары билимдүү, намыстуу, өз баасын билген адис болууга умтулушу керек. Өлкөнү эч качан ура патриоттор көтөрө албайт. Өлкөнү билимдүү жана амбициялуу, так максаттуу, кыялкеч жана намыстуу кишилер көтөрөт. Ыдырыс Исаков.

Похожие видео