КОЗДУН АЛДЫНДАГЫ БЫРЫШТАР, ТАК,БЕЗЕТКИДЕН БИРОТОЛО КУТУЛУНУЗ

15.05.2019
Эгерде көзүңүздүн алдында бырыш пайда болгонун байкасаңыз, анда көп кейибеңиз. Төмөндөгү ыкмаларды күнүгө бир-эки маал жасап турсаңыз мындай жагымсыз көрүнүштөн кутуласыз. Башыңызды бир орунда кармап, оңду-солду, өйдө-төмөн, көзүңүздүн карегин айланта карап кыймылдатыңыз. Сөөмөйдүн учун карап, колду көзгө бирде жакындатып, бирде алыстатып туруу; Баштыкчадагы колдонулган чайды ыргытып жибербестен муздатып, көзгө эки-үч мүнөт басыңыз; Көздүн тегерегине муз менен массаж кылыңыз; Майдаланган чийки картошканы чүпүрөккө ороп, көздүн айланасына 5-10 мүнөт коюңуз; Жогорудагы ыкмаларды колдонгон соң атайын көздүн тегерегине арналган кремден сүйкөп коюңуз. Эскерте кетүүчү жагдай -кремди койгон соң, кулактан мурунду көздөй колуңуз менен массаж жасоо өтө ыңгайлуу! Беттеги такты, сепкилди кантип кетирсе болот?" "Майды, шоколадды, сүрсүгөн этти, жылкынын жана үндүктүн этин азыраак жеп, колдон келишинче тамак жасаганда өсүмдүк майын колдонууга аракет кылыңыз. Жашылча-жемишти көбүрөөк колдонуңуз. Жалаң гана эти бар тамак жей берсең бетке так эле эмес, бырыш да эрте түшүп алышы мүмкүн". "Менин да бетиме 2 жыл мурун так, анан майда нерселер чыгып кеткен. Өт, бөйрөк, кан, тери баарын текшерттим, таза экен. Анан таттуу, майлуу, куурулган тамактарды көп колдонбой, диета кармап, өсүмдүктөрдү көбүрөөк колдонуп, организмди тазалоочу дары ичип, баарын 1 айда эле кетирип алдым. Көрсө, биздин организм токсин, шлактарга толуп калат тура, ошолордон тазаланып турбасак, оорулар келип чыгат экен". "Петрушка менен жуусаңыз кетет, кайнак сууга 30 мүнөт дымдап, анан пахта менен сүртүңүз. Тактар кетерине 100% пайыз кепилдик бере алам". "Ахромин" деген бет май дарыканаларда сатылат. Бетиндеги так бар жерге гана сүртөсүз, бат эле жыйынтык берет". "Ден соолугунду текшертип, анан косметологго же дерматологго кайрылып көр, ар кандай маска, косметика каражаттарын колдоно бербе, негизгиси туура тамактанышың керек. Кофенин, кара чайдын ордуна көк чай же сабиз, кызылча, жемиштерден сок жасап ичиш керек, себеби жемиштерде көптөгөн витаминдер бар".

Похожие видео