28.04.2019 КМДБ_МОСКВА ЖАМААТЫ ОЮН-ЗООК
Ассаламу алейкум урматтуу Москва шаарындагы мекендештер! Ар бир жан бактылуулукту эңсейт, бактылуу болуп жашагысы келет. Жаратканыбыз бактылуулукту Ислам динибизге жайгаштырган. Ким туура илим алып, жашоодо ишке ашырып амал кылса, бактылуулуктун даамын татып ырахат жашоодо жашайт. Сиздерди жалпыңыздарды Кыргызтан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө илим алууга чакырабыз. Пайгамбарыбыз С.А.В айтат: *«Илим алуучуга асман-жердеги баардык жаныбарлар, уюгундагы кумурска жана суу түбүндөгү кит дагы кечирим тилеп турат»* деп айткан. (Абу Дауд). Бизде төмөнкү багыттагы сабактар өтүлөт. 1) Аллах Тааланын ыйык сөзү болгон Курани карим. 2) Пайгамбарлар тарыхы. 3) Сахабалар тарыхы. 4) Фыкх. Илим бул – жашоодогу шам чырак сыяктуу. Чырагы жок адам караңгы жерде жыгылат. Чырагы бар адам жол таап кетет. Аллах Таала айткан: *«Аллах силердин ыймандууларыңардын жана илимдүүлөрүңөрдүн даражасын көтөрөт.»* (Мужаадала, 11-аят). *Байланыш номерлер*: +79777400425 +79254402714
Похожие видео
Показать еще