Камераны ойлоп тапкан аалым Ибни Хайсам!
Ибни Хайсам. Оптиканы изилдеп, баалуу ачылыштар жасаганы үчүн “Оптиканын атасы”-деген наам беришкен. Камеранын иштөө принцибин алгачкы жолу түзгөн аалым. Ал өз доорунда эң эле күчтүү физик, астроном, математик, анатом, философ болгон. 965-жылы Иракта Басрада төрөлөт. Диний жана дүйнөлүк илимдерди ушул жерден алат. Ошол доордогу дүйнө жүзү боюнча илимдин жана маданияттын борборлорунан болгон Багдат, Дамаск, Каир шаарларына барып, илим алып, өзүн физика, математика, астрономия, медицина тармактарында өнүктүрдү. Басрада вазирлик кызматты да аркалайт. Бирок мамлекеттик кызмат анын илим изилдөөсүнө тоскоол болгондугу үчүн ал жумушту таштап, кайра өзүн илимге арнайт. Аны аты алыска чыга баштайт. Египеттеги Фатимилер мамлекетинин өкүмдары Ал Хаким Ибни Хайсамды Египетке чакыртат. Беринуй жана Ибн Сина менен замандаш болгон Ибни Хайсам өтө зээндүү, акылдуу, күчтүү логикалык ой жүгүртүүгө ээ болгон аалым эле. Аристотель жана Птомелейдин чгыгармаларын изилдеп, алардын каталарын таап чыгат. Медицина илимин да өтө терең изилдеди. Геометрия жана математика илимдерин курулушта кандай колдонсо боло турганыгынын практикалын негизин иштеп чыкты. Байыркы доорлордон бери калыптанып келе жаткан гипотезалык б.а. божомолдорго гана таянган илимий көз караштарга каршы өзүнүн логикага сыяарлык көз караштарын сунуштады. Мисалы Аристотель менен Птомелейдин ою боюнча ааламдын борбору жер шары эле. Ибни Хайсам бул көз караштын туура эмес экендигин айтып, “Ааламда дагы башка планеталар бар”-деп күн системасынын бар болгондугун айткан. Арадан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин Ибну Шатыр, Нуреддин Батружий андан кийин Ньютон, Кеплерлер Жер шары күн системасына кирет деп аныкташкан. Ибни Хайсамга чейин илимпоздор адамдын көрүүсү-бул көздөн чыккан нурдун ошол көрүп аткан нерселерге чагылуусу аркылуу ишке ашат деп айтып келишкен. Бирок Ибни Хайсам бул көз карашка каршы чыгып: “Эгер көздөн чыккан нур аркылуу көрүү ишке ашканда анда жылдыздарды көрө лмак эмеспиз. Айрыкча көздөн эч бир булаксыз нур чыга бербейт. Көрүү-бул нурдун ошол биз көрүп аткан нерсеге келип тийип, андан чагылып биздин көзгө келүүсү аркылуу ишке ашат”-деген теориясын айтып, илимди дагы бир өтө чоң ачылыш жасаган. Физикалык оптика, метеорологиялык оптика, катоптрия, диоптрия, көздүн физиологиялык абалы, психологиялык кабылдоо ж.б.у.с. тармактарда изилдөөлөрдү жасап, эмгектерди жазган. Анын эң эле атактуу медицина тармагындагы эмгеги “Китабул маназыр”б.а. “Оптика китеби, оптика казынасы”-аттуу китеби болуп саналат. Китепте көздүн анатомиясы жана физиологиясын, андан ары мээден чыккан көрүү сезиминин нерв системаларга чейин келүүсүн жана андан кийинки көзгө тиешелүү бүткүл элементтердин баарын сүрөттөйт. Бул эмгек адамзат үчүн өтө баалуу табылга болуп саналат. Анын дагы бир адамзат тарыхында эң маанилүү ачылышы, камера, фотоаппарат, телескоптордун алгачкы пайдубалы болгон “Камера Обскура” т.а. “ ”. Эмне бул “Камера обскура”. Ал мындайча. Ибни Хайсам алгач чатыр куруп, анын бүткүл тешикчелерин жаап, ичин капкар