Өмүркуловду партиядан чыгаруу мыйзамсызбы? Окуучулар бычакташты. HD
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! 1. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу тууралуу чечимди мыйзамсыз деп атоодо. Бул тууралуу Бүгүн аталган кыймыл “Атамбаев-Ниязов-Карамушкина» тобу мыйзамсыз” деген билдирүү таратты. Анда “Алмазбек Атамбаевди КСДПнын лидери деп бүгүнкү күндө Фарид Ниязов менен Ирина Карамушкина гана эсептешет” деп жазылган. Белгилей кетсек, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын партиянын катчылыгы 31-октябрда билдирген. Маалыматта Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылган. 2. Ак калпакка кыянаттык кылуу тууралуу мыйзам долбоору кайрадан талкууга алынды. Бл тууралуу Депутат Экмат Байбакпаев укук бузуулар тууралуу Кодекске оңдоо киргизүүнү сунуштады. Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символ чинин берүү сунушталууда. Ак калпакка кыянаттык келтирген жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомдон айып салуу каралды. Эске салсак, мындай демилгени депутат Экмат Байбакпаев ушул жылдын апрелинде көтөрүп чыккан. Анда ал баш кийимге кыянаттык кылгандарга 2 миң сомдон жаза пул салууну сунуштаган болчу. 3. Каракол шаарындагы мектепте окуучулар мушташып, бычактан жарадар болгон окуучу ооруканага түштү. Бул тууралуу турмуш сайтынын аймактык кабарчысысы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка караганда, окуя шаардагы мектептердин биринин короосунда 31-октябрда саат 08:40 чамасында болуп, анда 8-класстын окуучулары ортосунда мушташ чыккан. Анда 8-«А» класстын окуучусу Ж.Жылдызбек менен 8-«Б» классынын окуучусу А.Илхам урушуп, андан улам Ильхам бутуна бычак жеген. Ал эми Жылдызбек бул кадамга баргандыгынынын себебин, Ильхам шаардагы башка мектептин окуучулары менен биригип, «А» класстын балдарын бир күн мурда сабактан кийин Ленин жана Пржевальск көчөлөрүн кесилишинен сабагандыгын жана ошол күнү да сабай турган болгондугу менен түшүндүргөн. Ал эми Ильхамга 11-«Б» классынын балдары болушуп, Жылдызбекти жана четте карап турган балдарды сабашкан. Мындан улам Т.Баэль жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Аталган факт болгонун Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тастыктап, бычак жеген Ильхамга ооруканадан жардам көрсөтүлүп, ал үйүнө чыгарылгандыгын жана милиция учурда териштирип жатканын билдиришти.