Бакыт Мамаев Аян

24.07.2016
Менин концертимден үзүндү.бул Ыр Аян деп аталат мен муну сиздер менен бөлүшөйүн дегеним мага кайдадыр бир күч менен Кыргызчылыкты кабыл ал деген сезимиме .жана кулагыма жаңырып турган.ошол мезгилде мен дагы жөндөн жөн кырсыктап кайталана берди .мен көп деле ойго алган эмесмин бирок мен кантип Кыргызчылыкты кабыл алмак элем өзүм той топордо ичкилик көп жерде жүрсөм деп ойлогом. Күндөрдүм биринде менин кесиптешим Ратбү Асранова эжеке Токтогулга тамада болуп берчи деп суранып калды машинесин жиберип мен макул болуп белгиленген күнү жолго чыктык апараттарым менен чогу жанымда музыкантарым менен бара жатып .Кара-балтага жакын Палтавка деген айылдан кырсыктадык .камаз сол тараптан чыгып кайра бурулганда мени алпараткан шоопур канча аракет кылган күндө дагы болбой биз камаздын астына кирип кеттик .мен дөңгөлөк мени тебелеп келе жатканын көрдүм калганын билбейм .бир нече убакыттан кийин ызычуулар кулагыма угулуп бул Бакыт Мамаев экен тийбегиле тийбегиле эксперт жээ милдциялар келгиче деген ызычуудан эсиме келдим да көзүмдү ачсам айланам кан, мени менен бараткандар ар кайсыл жерде жатышат.ангыча тирүү экен дешип чогулган эл мени кызылган жеримден сыртка алып чыгашты. мен өзүм кыймылдасам сол тарабым кыймылсыз догдурга тез жардам келип алып жөнөштү..Ушул жери кызыкта жашоонун .мен ооруп онтоп жатам жаным кейип мени карап жаткан догдур терезеден наркы маңдайлаш кабаттагы медсестраларга ээй бул жакта Бакыт Мамаев келиптир келгиле сүрөткө түшуп алгыла деп каткырып күлуп жатышты .ошолорго рахмат жан кейип жатса күлгөндөрүнө....кыскасы үйгө келип төшөктө жатып калдым эки күндон кийин мен жаткан бөлмөнүн жогорку бурчунан атчан жоо кийми менен колунда найзасы менен менин көмөкөйүмө такап.кайрадан баягы башталды Кыргызчылыкты кабыл ал деген.ага чейин дагы бир нече жоолу кайталанган.ошентип дем жетпей баратып кабыл алдым деп кыйкырып тура калып.эсиме келип келбей келинчегиме телефонду жансадым ал берери менен мени сүйлөтүп жаткан добуштун баарын диктафонуна жазып жаттык ..себеби биз түн жарымда туруп дагы обондор келип калганда жоготуп ийбеш үчүн диктафонуна жазып койчубуз ..ошондой болуп мен бир топ убакыт эсиме келип келбей ар кандай ыйык сөздөрдү айта бериптирмин.ал жерде Манас Көкө теңир жараткан деген сөздөр кездешет да Манас Манас деген сөз үчтөн айтыла берген.Мен эртеси озүмө келгенден кийин үйдөгүлөр коркуп мени туура эмес карап калганын сездим.да догдурга барсам невропатолокго барып көрүңүз деди эле ал жака барайын десем бирөө чым коргонго жиберип салат деп айнытышты ангыча эртеси күнү дин кызматкерлерине кайрылсам жин кириптир окутуш керек дешти .ошолорго барып жаткан учурунда менден ончакырым алыста жоокерлер атчан кайтарып жүрдү кыркасынан тизилип санын толук билбейм бирок эки жагымда.жолдон машина деле көрүнбөйт.бирок шаарда жүрөм.анан мазар басыш керек деп калды макул деп мазарга бардык бирнече .ошондода жоолор кетпейт.Манасчыларга кайрылып көрбөйлүбү десек .алар мындайды аян дейт .бирок ал жуп санда келет деди .мен телефонымды карасам 24дө болупту

Похожие видео