Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Видео

03.11.2021
Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү. Эң оор (76 килограмм) салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан кыз жарым финалда АКШлык Кайли Велкер менен кармашып, 8:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утту. Эми мелдештин финалында казакстандык Дилназ Милкунова же Татьяна Рентиера менен беттешет. Алтын байге үчүн кармаш эртең, 4-ноябрда болот. Айпери финалга чейин Экватор жана Индия спортчуларын уткан.

Похожие видео

Показать еще