Жаңылыктар | 21.04.2022 | Мариупол: "Азовсталга" чабуул болбойт, бирок бөгөттөлөт HD

21.04.2022
Путин Мариуполдогу "Азовсталга" чабуулду токтотууну буюрду. Бирок ал заводдун айлана-тегерегин чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү айтты. Ал жерде жүздөгөн украин аскерлери жана жайкын тургундар да баш калкалап жатышат. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Темировдун өзү болсо Бишкек шаардык милициясына эки күндөн бери сурак берип жатат. Улан-Баатыр шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, Азия чемпиону аталды. Ал эми Мээрим Жуманазарова күмүш медалдын ээси болду. Ушуну менен Кыргызстандын торбосунда 4 алтын, бир күмүш, 3 коло медаль бар. #Украина #Мариуполь _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео