Жаңылыктар | 24.09.2021 | "Талибан": Кыргызстан кол сунду, Тажикстан эскертүү берди HD

24.09.2021
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - Кыргызстандын президенттик администрациясы Ооганстанга барган делегация гуманитардык жардам жеткиргенин маалымдады. Бул иш жүзүндө кыргыз бийлигинин "Талибан" кыймылы менен биринчи байланышы болуп калды. - "Кумтөр ишине" байланыштуу кармалган саясатчылар Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, Жоомарт Оторбаевдин жана Темир Сариевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Тарапкерлери аларды бошотууну талап кылышууда. - Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Талибан" кыймылын бардык улуттардын өкүлдөрүн камтыган өкмөт түзүүгө чакырды. Ооганстанда тажик тектүүлөр да көп жашайт. #БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан #Ооганстан _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео