Темирбек Асанбеков
Азыркы эл аралык саясий кырдаалда мамлекеттер арасында өтө оор атаандаштыктар күч алып жатат. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды, саясий-экономикалык кызыкчылыктарыбызды жалпы эл биргелешип гана коргой алабыз. Элибиздин ич ара ынтымактуулугу, бири-бирине болгон маданияттуу адамгерчиликтүү жылуу мамилеси, сабырдуулугу, мамлекетибиздин көп жылдан бери чогулган саясий - экономикалык өтө оор маселелерди чечүүнүн алгачкы кадамы жана баардык жарандарыбыздын үй-бүлөсүнүн, бала бакырасынын турмуш келечеги. Ошондуктан , элдик демократиянын эң маанилүү саясий баалуулуктарына чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтүп, шайлоо атаандашдыктарында көпчүлүктүн ишенимине татыктуу болгон саясий чечимдерге, ишмерлерге убакыт берип , мамлекетибиздин туруктуулугун камсыздап берүүгө ар бир жаран милдеттүүбүз! Урматтуу Кыргызстандык бир туугандарым ! Баарынарды чын жүрөктөн куттуктайм, орозонор кабыл болсун ! Сый урматым менен Темирбек Асанбеков!