Ондон ашык саясатчы, активисттер 48 саатка камакка алынды.

23.10.2022
Ондон ашык саясатчы, активист 48 саатка камалганы кабарланууда Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова 48 саатка кармалды. 23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакыноппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Абдирасулова алардын жакындары, адвокаттары менен такай байланышта болууда. Социалдык тармактарда журналист Айданбек Акмат уулу, саясатчы Канат Исаев, Азимбек Бекназаров, активист Айбек Бусурманкуловдор да 48 саатка камалганы кабарланууда #кыргызстан #кыргызстан

Похожие видео