Воробьевдин бизнес "империясы"
рус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьевдун жаза мөөнөтү кыскарып, жатак абакка которулду. Бишкек шаардык соту баштапкы сот өкүмүн өзгөртүп, Айтматов атындагы театрды бизнес борборго айланткан деп айыпталган адамдын жазасын жеңилдетти. Аны кызмат алууга жана иш козгоого негиз болгон театрдын айланасындагы Воробьевдин бизнес империясы дагы эле гүлдөп өнүгүүдө. Буга таң калган шаар тургундары маданий очоктту түнкү клубдардан тазалай албаган бийликтин чабалдыгын сындашууда. Театрдын коменданты мунун артында таасирдүү күчтөр турганын жашырган жок. (Асеин Маданбеков)