Замирбек Усонбаев // 2022-жыл КОНКУРС ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Улуттук “Манас” театры 1. 00:00 Олжобай менен Кишимжан 2. 09:39 Кожожаш 3. 12:58 Гөзал кыз 4. 15:45 Кызыл туу кыргыз кыздары 5. 28:45 Жыргалын кулкун эл менен 6. 36:14 Акбаары 7. 49:47 Кырк серке жайлоосундагы айтыш 8. 56:07 Чонду акын”Кези кези келгенде” 9. 1:00:52 Эненин арманы 6 уулунан айрылган 10. 1:10:05 Комузчуларга 11. 1:15:57 Кок сулуу 12. 1:25:04 Алымкулдун 1-жолугушуусу Токтогулга 13. 1:31:17 Алымкул менен Сулаймандын айтышы 14. 1:35:21 Кош Алымкул” Ысмайыл 15. 1:53:54 Каражаак Калмырзанын Шабданга ырдаганы 16. 1:59:50 Осмонкул менен Калыктын учурашканы 17. 2:12:03 Өзүң бил 18. 2:15:17 Карылык 19. 2:20:09 Кыргыз көчү 20. 2:27:14 Саякбайга арноо 21. 2:31:24 Бууракандын белиндеги айтыш 22. 2:42:54 Нан жөнүндө терме 23. 2:51:53 Токтогул менен Эшманбеттин айтышы (күрөш тууралу) 24. 2:59:09 Арноо 25. 3:03:35 Ашык элем 26. 3:07:09 Жениш үнү Кечирип кой (обондуу ыр) жана башка чыгармалары 15- 16 Октябрда боло турган КАРОО-СЫНАКТЫН ЖОБОСУ Залкар төкмө акын КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындардар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланат. Кароо-сынак Замирбек Үсөнбаевдин автордук же иштеп чыккан жана ошондой эле репертуарындагы чыгармаларды (конкурста аткарууга боло турган жалпы чыгармалардын тизмеси агайдын өзү менен макулдашып жобого тиркелет) аткаруучулар арасында 2022-жылдын октябрь айында өткөрүлөт. МАКСАТЫ: Бул сынактын максаты Залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү аркылуу автордук жана өзүнүн аткаруусунда бизге жеткен баалуу чыгармаларынын керемет үлгүлөрүн түбөлүк сактоо болуп саналат. Эн негизги максат Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун жолдогон салттык өнөрдүн алып жүрүүчүлөрүн, тактап айтканда салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу десек болот. СЫНАКТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ: Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку денгээлде ырдай алган баардык өнөрпоздор жана маданий- музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт. Сынак Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусунда кездешкен же автордук ар кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар, терме, санат, жоктоолор, залкарлардын айтыштары, эскерүүлөр, дастандар кайрылуу ж.б.) чыгармаларын аткаруучулар арасында өтөт. Сынакта элдик же залкар инсандарга таандык айрым чыгармалардын обонун Замирбек Үсөнбаев иштеп чыккан болсо же аткарып чыгармага жаңы өмүр берип эл алдына алып чыккан болсо, Үсөнбаевдин ошол чыгармага кошкон салымын эске алып, ошондой чыгармаларды да конкурста аткарылчу чыгармалардын катарына киргиздик. (чыгармалардын тизмеси жобого тиркелген.) Мындан тышкары кароо-сынакка катышуучулар үчүн баардык чыгармаларынын бириктирилген аудио альбому түзүлүп, атайын ютуб каналга жүктөлдү. Ютуб каналдагы үн тасма QR kod белгиси менен жобого тиркелет жана байланыш телефондор аркылуу аталган аудио топтомдун шилтемесин уюштуруу тобунан да алсаныздар болот. ТАНДОО ТУР Тандоо турга катышкан аткаруучулар Замирбек Үсөнбаевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган көлөмдүү ( куплеттик формадага чакан обондуу ыр эмес) чыгармадан бирди комуз аспабынын коштоосунда аткарууга тийиш. Калыстар атайын жободо көрсөтүлгөн балоо талаптардын негизинде карап, тандоо айлампасынан өткөн катышуучуларды аныктап, кийинки айлампага 16 (он алты) аткаруучуга жолдомо беришет. 2-ТУР Экинчи айлампага жолдомо алган аткаруучулар, тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган (тандоо турунда аткарган чыгарманы кайра аткарууга болбойт.) Эки чыгарма аткарууга тийиш. Ал эки чыгарманын бирөөсү обондуу (куплеттик формадагы чакан обондуу лирикалык ырлары) ырла...