"Сага менин эмнем жагат?" - Бегалы Токтогулов (поэзия) HD

03.06.2018
"Сага менин эмнем жагат?" Сен мени байлап алып сезимдерге, Экөөбүз жолукканбыз айлуу кечте. "Менин сага эмнем жагат"деп кайталап, Сен мага берген сурооң турат эсте. Кадимки атап жүргөн атың жагат, “Кандай”- деп мага жазган катың жагат. Капталдан карап турсам желге учкан, Кундуздай капкара чачын жагат. Акырын шыбыраган сөзүң жагат, Ар дайым тартып турган көзүң жагат. Оймоктой болгон сенин сонун оозуң, Адамды эркелетчүү сөздү табат. Тамшанып уккум келет үнүң жагат, Кеталбай айланчыктайм үйүң жагат. Токтолбой жолугууга барган кезде, Ай жаркып жылдыз чачкан түнүң жагат. Жактырам бүт өзүңдү сени самап, Тойбоймун ак жүзүңдү көпкө карап. Сурооңду кайра өзүңө узатайын. Алтыным сага менин эмнем жагат?

Похожие видео