Кумар оюнуну курмандыктары уланууда HD

28.07.2016
“Сезим” кризистик борборуна жаш келин жардам сурап кайрылды. Кумар оюнунун курмандыгына айланган төрт баланын энеси Наргүл, күйөөсү түнү менен кумарга 95 миң сомдой акчаны уттуруп жибергенин айтып чыркырап, жардам сурады Учурда кумар оюндары толук жабылбаганын дал ушундай үй бүлөлөрдөн билсек болот. Жашыруун жана ачык да иштеп жаткан кумар оюндары кумарчылардын акчасынын баарын соруп, үй жайсыз, акыры аларды үй бүлөсүз калтырууда. Бүгүнкү окуяда кумар оюндарынын курмандыгы болгон Кыргызстандагы белгилүү чиновниктин уулунун аты да аталууда. Ага карабастан, казино,букмекер жабылса, лото деп аттарын өзгөртүп, бирок маңызы ошондой эле кумар бизнеси иштеп жатат. Андыктан, жабыр тарткан бул аял төрт баласы менен эшикте калбайын деп, буга чейин уялып, куру намыстанып айтпай келген арманын айтып, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана коомчулкка кайрылып, бул кумар бизнесине, көз жашын төгүп, тагдыр талкаланган маселеге кайрылууга чакырат.

Похожие видео