Акыл Ордо

11.09.2015
Лидер команданы коргойт - команда аны колдойт! Мындан 2 жыл мурун биздин команда мектеп ичинде өлкөнүн башка алдыңкы мектептери сымал, биздин мектепте да коомдук иштерди байма-бай өтүп турат жана алардын бири КТРКгы Салтанат Саматованын "Акыл Ордосун" жергиликтүү деңгээлде колдон келишинче өткөргөнбүз. Биздин долбоорлорду айылдан чыккан чыныгы патриот агабыз Нурбол Шырдаков, Жергиликтуу Кенештин депутат айымы, маркум эжебиз Сонунбубу Чотонова жана "MegaCom" компаниясы колдоо көрсөтүп турушкан. Жана албетте булардын аягында, директорубуз Курманбек Мамбеталиев менен Күлүмкан эжекебиз жана класс жетекчибиз Айша Жамакеевалар, дал ушул адамдар тынымсыз колдоо көрсөтүү менен, бизге азыркыга чейин чоң дем беришип турат. Учурдан пайдаланып классташтарым Султан Турсунбек уулу менен Каныбек Анарбековко, мектеп парламентинин активдүү окуучулары Дастан Төрөкуловко, Жазгүл Мухамирова жана Ханзаада Нурадиловалага, аты аталбай кеткен санаалаш кесиптештериме терең ыраазычылык айткым келет.

Похожие видео