Менин ыйык жерим "КЫРГЫЗСТАН" ( Kyrgyzstan)
КЫРГЫЗСТАН Кыргызстан менин сүйгөн мекеним- Кооздугуна кымындай да жок шегим , Ушундай кооз өлкөдө туулган . Чындыгында мен бактылуу экенмин. УШУНДАЙ МЕНИН МЕКЕНИМ. Буркуу, куш,атын таптаган. Мүнүшкөр менен саяпкер. Ыймандуу уул,кыз баштаган, Эң катуу эле тартиптер. Элечек сайма, кундуз борк. Кыздары берген сулуу көрк. Балдары баатыр, мүчөлүү, Сөзүнө турган,чынчыл бек. КЫРГЫЗ ЭЛИМ. Кыргыз элим кутман элим Бардыгынан кең пейил. Сыйлап келет эзелтеден, Үйүнө келген мейманды. Кыргыз элим,ырыстуу элим, Бардыгынан кичи пейил. Улууну урматтап, кичүүнү ызаттап, Сыймыктанам дайым мен. Кыргыз элим баатыр элим. Бабаларды сыйлап келет.. Манас атам коргоп келген, Бардыгынан баатыр элим