"Кыргызстаныбызды кыдырабыз"#8: Талас облусу HD

11.05.2020
Биздин каармандар Эркинай жана Бекжан ата-энеси менен Кыргызстан боюнча саякатынын акыркы облусуна- Таласка сапар алышты. Кыргыз тарыхынын сырлары, дүйнѳдѳгү эң ири Манас эпосу, "Манас Ордо" тарыхый-маданий борбору жана ири Киров суу сактагычы жөнүндө маалыматтар менен бул бөлүмдө бизге Эркин Нурбаев окуп берди. Албетте, бул чыгарылыштын соңунда да конкурс өтүүдө. Эркин Нурбаев жарыялаган конкурстун шарттары: 1. Биздин @bilimfestkg / https://www.instagram.com/bilimfestkg / баракчабызга катталуу жана барагыбыздын постторуна лайк басуу; 2. Талас облусунун дагы кооз жерлеринин (бул бөлүмдө тааныштырылгандардан сырткары) сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштыруу; 3. #КыргызстаныбыздыкыдырабызТалас - хештегин жайгаштыруу зарыл; 4. Албетте, ал жер туралуу бир аз маалымат берүү. Мыкты 10 сүрөттүн авторлору - Эркин Нурбаев кол тамгасы менен бул китепти белекке алат. Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын 30-августа жарыяланат. Мекениңди тааны, сүй жана сакта! "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китеби (авт. А. Капалова) жөнүндө тоолук маалымат төмөнкү ссылкада https://roza.kg/ky/books/foundation-publishing

Похожие видео