Суусамыр
Шаардын ысык аптабынан тажап, кайсы жака кетип салкындарынды билбей турган кундор болуп жатат. Кээ бирлери жерибиздин бермети болгон Ысык колубузго качышса , кээ бирлери ак монгулору корунгон жайлоого барып жатышат ,мен дагы дал ушул жан дуйномо жакын болуп калган жайлоону тандадым. Ашууну ашканда эле алдындан таза аба, салкын сыдырым жел журуп , конул сергитип тосуп алат. Копкок асманы, аппак булуттуары, бийик - бийик зоолору , жашыл бетеге чоптору , таштан -ташка уруп аккан суулары , жыттары анкыган не бир туркун кооз гулдору, шаардагы ызы-чууну унуттуруп, конулунду сергитип алда кайда алып учат . Жайыт бетин карасан , короо- короо койлор, оюн салып ойногон бээлердин кулундары , канатын жая кайкып учкан куштар ,жайлоонун шанына шан кошуп ,коркун чыгарат. Сулуулугуна коз жетпеген ,айта берсен соз тугонбонбогон ,айтылуу кичи Суусамыр жайлоосу. P.s Негизи Суусамырга жылыгы эле барам ,негедир быйыл кичине болсо да Суусамырды суроттоп бергим келди. #суусамыр #отдыхнавысшемуровне #родныерядом #кыргызстан #токтогул #бишкек