Жумгалда карыган илбирс тамак издеп койчунун короосуна кирип келген

20.12.2020
"9-январь күнү саат 5-6лар чамасында мага телефон чалышып, Килемче жайлоосундагы Кашка-Суу кыштоосунда чабандын үйүнө бир илбирс кирип кетпей жаткандыгы жөнүндө маалымдашты. Мен ошол замат мергенчи балдарды чогултуп алып, чабандын үйүнө жөнөп кеттим. Мен жеткиче түнкү саа 11 болуп кетти. Илбирс иттерден коркуп туюк сарайга кирип кеткенде чабан сарайдын эшигин жаап салган экен. Ал жерден атайын сетка жасап, ага илбирсти камап, Жумгалга алып келип, бийликтерге билдирдим. Илбирсти кармап жатканда анын 3 азуусу жок экенин көрдүм. Бирок колу буту соо, капканга түшкөн эмес, ок жеген эмес, болгону карып, алсыз экен", - деп билдирди Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Жумгал району боюнча өкүлү Дөөлөтбек Жумалиев. "11-январда түнкү саат 23:00 дө NABUнун балдары келген экен илбирсти аларга аман-эсен өткөрүп бердим. Чабан Жусупакуновдун короосуна илбирстин кирип келишинин себеби - илбирс карып алсыз болгон, жанын бага албагандыктан, тамак жок ачка болгон. Чабандын айтымында андан эки күн мурун жабак тай талаадан жамбашы тытмаланып келген. Чабан тайды карышкыр же сүлөөсүн же илбирс тытмалаганын билген эмес. Биздин баамыбызда ошол илбирс тайга кол салып, алсыз болгондуктан күчү жетпей, азуусу жок өлтүрө албай калып, ошол тайды ээрчип кыштоого келген. Ал өзүнүн жанын бага албай калган. Былтыр 2019-жылы августта да чабан жайлоодон илбирсти 30 метр жерден көргөн. Мен да Баба-Ата деген жерден илбирстин издерин көрдүм", - деди Дөөлөтбек Жумалиев. Жумгал.kg

Похожие видео